Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Крымда жүздөн ашуун айыл-кыштак электр жарыгысыз калды


Симферополь шаары.
Симферополь шаары.

Орусия 2014-жылы Украинадан аннексиялап алган Крымда бир катар аймактар “аба ырайынын начарлашынан улам" электр жарыгысыз калганын «Крымэнерго» ишканасы ырастады. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Крым.Реалии” сайты кабарлоодо.

Жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн эртең мененки саат 9:00га карата 138 айыл-кыштак, конуш электр жарыгысыз калган. Бул аймактарда 38 миңдей киши жашайт.

«Крымэнерго» ишканасы электр жарыгын берүүнү калыбына келтирүү кардан жана жолдордун тайгактыгынан улам кыйынчылык жаратып жатканын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG