Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Ошто Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды


Чыңгыз Айтматовдун айкели.
Чыңгыз Айтматовдун айкели.

Чыңгыз Айтматовдун айкели улуу жазуучунун туулган күнүнө карата анын атын алып жүргөн №36 мектепте тургузулду. Иш-чарага шаар жетекчилигинин, жергиликтүү маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү, карапайым адамдар катышты.

Айкелдин автору жана демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Аширбек Маразыков. Ал өз эмгегинин ачылышына бир жума калганда, өткөн аптада көз жумган. Эстеликти курган эмгеги үчүн шаар бийлигинин ыраазычылык каты бүгүнкү салтанатта маркумдун уулуна тапшырылды.

Бул мектепке залкар жазуучунун аты анын сексен жылдыгынын урматына, он жыл мурун берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG