Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Канада: сот "Huawei" компаниясынын башкаруучусун 10 млн. доллар күрөөгө бошотту


Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышып жаткан учуру. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышып жаткан учуру. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

Канада сотунун чечимине ылайык, Кытайдын телекоммуникация гиганты болгон "Huawei" компаниясынын каржы жана аткаруучу директору Мэн Ваньчжоу 10 миллион Канада доллары же 7,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү күрөө менен бошотулду.

Мэн Ваньчжоу быйыл 1-декабрда Ванкувер шаарынан АКШнын өтүнүчүнүн негизинде камакка алынган. Вашингтон "Huawei" компаниясынын башкаруучусун "АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдаш үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн" деп айыптоодо. Америкалык тергөөчүлөрдүн эсебинде, мунун максаты АКШнын Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү болгон.

46 жаштагы Мэн Ваньчжоу эми Канада сотунун аны күрөө менен бошотуу тууралуу чечиминин шарттарына ылайык, кечки 11ден таңкы алтыга чейин үйүндө болуп, бутунун ашыгында аны көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген электрондук чидер тагынып жүрүшү керек. Соттун кийинки отуруму 6-февралга белгиленди.

Кытайдын ири компаниясынын башкаруучусунун Канадада камакка алынышын расмий Бээжин айыптап, бул өлкөнүн бийлигин Мэн Ваньчжоуну дароо бошотууга чакырган. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 6-декабрдагы атайын билдирүүсүндө "бул кармоодо эч кандай саясий кийлигишүү болгон жок" деген.

Расмий Бээжиндин нааразылыгын жараткан окуя АКШ менен Кытай бир нече айга созулган соода согушуна токсон күндүк убактылуу “тыныгуу” жарыялап, жаңы сүйлөшүүлөргө камынып жаткан кезге туш келди.

АКШ "Huawei" компаниясына карата иликтөө жүргүзүп жатканы тууралуу алгач быйыл апрелде "The Wall Street Journal" басылмасы кабарлаган. Гезиттин маалыматына караганда, АКШнын бийлиги "Huawei" компаниясы америкалык өндүрүмдү АКШнын экспорттук мыйзамын бузуу менен Иранга жана башка өлкөлөргө сатканын иликтеген.

Жакында Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын "Huawei" телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга кайрадан чакырган.

Вашингтон бул компания Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп да шек санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG