Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Британияда премьерге ишеним көргөзбөө маселеси добушка салынат


Тереза Мэй. 12-декабрь, 2018-жыл, Лондон.
Тереза Мэй. 12-декабрь, 2018-жыл, Лондон.

Тереза Мэйге партия лидери катары ишеним көргөзбөө маселесин добушка коюу боюнча анын Консервативдик партиясынын депутаттары демилге көтөрүштү.

Британ мыйзамдары боюнча бул үчүн кеминде 48 депутаттын колу керек.

Тереза Мэйдин айтымында, кокус ал премьерликтен кетип, бул кызматка жаңы адам келсе Британиянын Евробиримдиктен чыгышын создуктура турган, ал түгүл токтотуучу механизмди жокко чыгарууга же анын мөөнөтүн узартууга туура келет.

2016-жылы Британия жалпы элдик референдумда Евробиримдиктен чыгыш үчүн добуш бергенден кийин өкмөт башына келген Мэй Брюссел менен жетишилген Брекзит келишиминин шарттары боюнча өз партиясында да олуттуу сынга кабылды.

Ушундан улам ал британ парламентинде Брекзит келишими боюнча 11-декабрга белгиленген добуш берүүнү токтоткон.

Келишимди сактап калууга аракеттенип, Мэй кечээ Гаагага, Берлинге, Брюсселге келип кетти. Бирок Евробиримдиктин лидерлери Лондон менен келишимдин шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын айтышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG