Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

АКШ Ирандын баллистикалык ракеталары боюнча билдирүү жасады


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Ирандын баллистикалык ракеталары боюнча чектөөлөрдү кайра орнотуу маселесине байланыштуу 15 адамдан турган топ менен иштөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ошондой эле ал БУУнун Тегеранга карата курал-жарак боюнча эмбаргосу 2020-жылы токтотулбашы керек деген пикирин айтты:

- Бул өлкө БУУнун көптөгөн резолюцияларын, анын арасында “ал-Каида”, Ооганстан, Ливан, Йемен жана Сомали боюнча чечимдерин аткарбай келет. Ооганстандагы талибдерди колдойт, Ливандагы жана Ирактагы согушкерлерди курал-жарак менен жабдып жатат.

Помпеонун бул билдирүүсүнө Ирандын расмий өкүлдөрү жооп кайтарып, “АКШ өзүнүн курал-жарагын сатыш үчүн Иранды атаандаш көрүп жатат” деп билдиришти.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин бул отуруму Ирандын аскердик кол башчыларынын бири Тегеран жакында баллистикалык ракетасын сынаганын ырастагандан кийин өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG