Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Тереза Мэй кызматында калмай болду


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Европа Биримдигинен "Brexit" келишиминин шарттарына макул боло берерин айтты. Бул тууралуу ал 12-декабрда британ парламентинин төмөнкү палатасындагы Консервативдик партия ага ишеним көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алгандан кийин билдирди.

Ошентип Мэй партиянын лидери бойдон калды жана ага ишеним көрсөтпөө маселеси бир жылга чейин көтөрүлбөшү керек.

Ага чейин партия мүчөлөрүнүн көбү Британиянын Европа Биримдигинен чыгышын шарттаган "Brexit" келишимин колдобой турганын айтып чыгышкан болчу.

2016-жылы Британия жалпы элдик референдумда Евробиримдиктен чыгыш үчүн добуш бергенден кийин өкмөт башына келген Мэй Брюссел менен жетишилген Брекзит келишиминин шарттары боюнча өз партиясында да олуттуу сынга кабылган.

Ушундан улам ал британ парламентинде Брекзит келишими боюнча 11-декабрга белгиленген добуш берүүнү токтоткон.

Келишимди сактап калууга аракеттенип, Мэй Гаагага, Берлинге, Брюсселге барды. Бирок Евробиримдиктин лидерлери Лондон менен келишимдин шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG