Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Казакстан: Урал суусунда балык кырылууда


Атырау.
Атырау.

Казакстандын Атырау облусунда Урал дарыясында бир тоннадай балык эмне үчүн кырылганы изилденип жатат.

Облустук акимиат алгач жүздөн ашуун балык өлгөнүн маалымдап, кийин бул сан бир тоннага жеткени расмий тастыкталды.

Алдын-ала жүргүзүлгөн экспертиза суу таза жана элге, жаныбарларга зыяны жок экенин көрсөткөн.

Учурда бул окуядан улам Урал дарыясынын жээгиндеги ишканаларды текшерип, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Балык кырылып жатканы бир нече күн мурда Интернетте видео тарагандан кийин белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын бири чөнтөк телефонуна тартып алган видеодо экологиялык кырсык болгонун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG