Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

2019-жылды "Бала жылы" деп жарыялоо сунушталат


Бишкек.
Бишкек.

Келерки жыл Кыргызстанда Баланын жылы деп жарыяланышы керек. Өлкөдөгү элүүдөн ашуун өкмөттүк эмес уюм президентке ушундай сунуш менен кайрылганы жатат. Бүгүн алар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, кененирээк маалымат беришет.

Бир ай мурда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Балдардын укугун коргоо лигасынын» директору Назгүл Турдубекованы кабыл алып, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо маселесин талкуулаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны 2 миллион 300 миңдин тегерегинде. Алардын 51% эркек, 49% кыздар. Балдардын 69% айыл жеринде жашайт.

Өлкөдө жакырчылык менен жумушсуздуктан улам мектепке бара албай жүргөн балдардын укугу бузулуп жатканы айтылып жүрөт.

Учурда Кыргызстандагы интернаттарда 11,5 миң бала тарбияланат. (RK)

XS
SM
MD
LG