Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:59

“Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” жыйыны өтөт


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Бүгүн Бишкекте “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” долбоорунун үчүнчү жыйыны өтөт.

Анын максаты – адамдар арасында конфессия аралык макулдукту жана толеранттуулукту бекемдөө чараларын иштеп чыгуу.

Долбоорду «International Alert» эл аралык уюму “Ыйман” фонду менен бирге ишке ашырууда. Алгачкы жыйын былтыр декабрда, ал эми экинчиси быйыл май айында өткөн.

Бүгүнкү талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, диний конфессиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дин таануучулар катышат.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.

Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (RK)

XS
SM
MD
LG