Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Парламент Бабановдун маселесин талкуулабайт


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуу колдоо таппай, күн тартибине кирген жок.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров кечээ, 12-декабрда ушундай эле сунуш киргизип, эл өкүлдөрү аны колдогон. Бирок маселени кароого убакыт жетпей калган.

Сабиров Бабановдун ишин парламентте талкуулоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айтып жатат.

Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү “Апрель ТВ” телеканалындагы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирген. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгүнүн убагында улут аралык кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин айтты.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоого катышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG