Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Жарандык активист Интернеттеги видео боюнча күч органдарына кайрылды


Болот Ибрагимов.
Болот Ибрагимов.

Жарандык активист Болот Ибрагимов Интернетте тарап жаткан видеодогу инспекторду жоопкерчиликке тартууну суранып Башкы прокуратурага кайрылды. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда буга чейинки Бурулай Турдаалы кызынын, Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн мисал келтирип, акыркы окуяда жардам сурап жаткан кызга кайдыгер мамиле кылганы үчүн инспекторго, видеого тарткан журналисттин жоопкерчилиги боюнча нааразычылыгын билдирген.

Башкы прокуратура бул факты боюнча кабардар, бирок кандай чара көрүлөөрү азырынча белгисиз экенин маалымдады. Ал эми окуяны видеого тартып чагылдырган журналист Азият Жекшеев мындай учурда жол кыймылын тескеген кызматкерлердин ишине кийлигише албай тургандыгын, бирок ошого карабай инспекторлорду кызга жардам берүүгө чакырганын билдирди. Жекшеев журналисттик ишин так аткарып, мыйзам бузулган көрүнүштү коомчулукка алып чыкканын кошумчалады.

9-декабрь күнү НТС телеканалынын "ТВ-кайгуул" берүүсүндө терезеси караңгылатылган машинеде кыздын жардам сурап кыйкырып жаткан учуру тартылган. Анда Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалыктын кызматкери бул көрүнүшкө эч кандай чара көргөн эмес. Айдоочу инспекторго "инимдин аялы чатак салып жатат" деп айтып кетип калган. Автоунаанын эшиги бир саамга ачыла калган учурда ичинен “аялы эмесмин, коё бергилечи” деп кыйкырган кыздын үнүн угууга болот. Бул видео Интернетте кызуу талкууланып жатат.

Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалык Интернетте тарап жаткан видеодогу инспектордун иш-аракетине байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG