Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Кыргызстанда 322 миң пенсионер пенсиясын банк аркылуу алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Алардын 322 миңи пенсиясын коммерциялык банктардан, калган 327 миңи почта аркылуу алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда 2017-жылы “Кыргыз почтасына” пенсионерлерге кызмат көрсөткөнү үчүн 270 млн. сом, ал эми банктарга 76 млн. сом төлөнгөн. 2018-жылы почтага 297 млн. сом, банктарга 77 млн. сом каралган.

Парламент депутаты Аалы Карашев Социалдык фондго каражатты үнөмдөп, пенсия таратууда банктардын кызматын колдонууну сунуш кылды. Соцфонддун жетекчиси Медер Ирсалиев айылдарда коммерциялык банктардын өкүлчүлүктөрү жок экенин айтты.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 5682 сомду түзөт. Өлкөдө эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат. (BTo)

XS
SM
MD
LG