Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Карамушкина: Жыйынга келбеген депутаттардын айлыгын бербеш керек


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина спикерге бүгүн парламенттин жалпы жыйынына келбеген депутаттардын бир күндүк айлык маянасын бербөөгө чакырды. Ал саналуу гана депутаттар отурганын сындап, жыйынды токтонууну сунуш кылды.

- Жыйында дээрлик эки фракция жок. “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан бирден гана депутат отурат. Залда болгону 10 гана депутат болгондуктан биз жыйынды уланта албайбыз. Бул биринчиден чакырылгандарды сыйлабагандык. Экинчиден, жыйынды токтотуп, келбеген депутаттардын бүгүнкү маянасын төлөбөш керек.

Төрага Дастанбек Жумабеков каттоодон 81 депутат өткөнүн, кворум бар экенин айтып, депуттардын өзүн башка кызматташтары үчүн каттоодон өтпөөгө үндөдү.

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы түштөн кийинки отуруму да кворумдун жоктугунан 40 мүнөткө кеч башталган. Анда депутаттар бир кесиптешинин каза болгон апасына куран окутканы кетип, жыйындан кечигип калышканы белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG