Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-декабрда “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорун кароого киришти. Документке ылайык, экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралат. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев парламентте мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасады.
- Президенттин кол тийгистик деңгээлинин төмөндүгүн эске алуу менен 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда. Анда Кыргызстандын президенти кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү боюнча Конституциянын ченемдери чагылдырылды. Аны менен чогуу жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар менен жеңилдиктерден пайдаланышарын эске алып, мыйзамдын 6-беренеси президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген жобо менен толукталды, - деди ал.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет.
Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жөнүндө талап да алынып салынат. Ошондой эле ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт. (BTo)