Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

“Азаттыктын” журналисттери адам укуктары боюнча сынакта байгелүү орун алды


"Азаттыктын" журналисттери алган сыйлык.
"Азаттыктын" журналисттери алган сыйлык.

“Азаттыктын” журналисттери адам укуктарын чагылдыруу боюнча журналисттер арасында жарыяланган сынакта экинчи орун алды.

Конкурс Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү менен Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан өткөрүлгөн. БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына арналган сынакка Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан 169 материал келип түшкөн.

Алардын ичинен “Азаттыктын” журналисттери Элеонора Бейшенбек кызы, Ыдырыс Исаков жана оператор Айбек Кулчуманов тарткан "Бандиттер байырлаган Ош" аттуу иликтөө экинчи орунга татыган. Иликтөөдө Ош облусунда ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайы тууралуу сөз болот.

Бандиттер байырлаган Ош
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:54 0:00

Аталган иликтөөдөн кийин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кылмыштуулукка каршы жыйын өткөрүп, шаардагы ар бир спорт залды көзөмөлгө алууну, спортчулар кылмышка аралашпашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG