Түркияда ылдам жүрүүчү поезд кырсыкка кабылып, тогуз киши мерт болду, дагы 48 адам жабыркады. Кырсык Анкаранын башкы темир жол вокзалынан сегиз чакырымдай жерде жайгашкан Маршандиз темир жол станциясында болду. Ылдам поезд Анкарадан Конья шаарына бара жаткан.
- 48 жүргүнчү ооруканаларга жаткырылды. Бир киши ооруканада көз жумду. Ошондо бул кырсыктан жалпысынан тогуз киши мерт болду, - деди кырсык болгон жерге келген транспорт министри Жахид Турхан.
Анкара-Конья каттамындагы поезд негизи Маршандиз станциясына токтобойт. Аталган бекетти адатта жолду тейлеген темир жолчулар колдонот. Кырсыкка кабылган ылдам поезд рельстен чыгып, жолду көзөмөлдөөчү локомотив вагон менен кагышкандан кийин темир жол бекетинин имаратын сүзүп, 20 метрдей ичкери кирип барып токтогон. Анкаранын губернатору Васип Шахиндин айтымында, өлгөндөрдүн арасында поезддин үч машинисти да бар.
Видео-сүрөттөрдөн куткаруучулар урандылардын арасынан адамдарды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.
“Анадолу” мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча прокуратура кырсыктын себебин иликтөөгө киришти. Анкарадан Конья шаарына бара жаткан бул поезддин ичинде 206 жүргүнчү болгон.
Быйыл июль айында да Түркиянын түндүк-батышындагы Текирдаг провинциясында болгон темир жол кырсыгынан 24 киши өлүп, жүздөгөн киши жабыркаган.
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө