“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзамга 100 депутат “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди.
Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралган. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев парламентте мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасады.
- Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып, үч окууда өтүп калса кандай укук беребиз - силер чечесиздер. Бул мыйзам “экс-президент” макамы бар президенттерге жана келечекте экс-президент боло турган президенттерге толук иштеши керек. Бир адамдын кызыкчылыгына колдонулбай, баарына бирдей болушу керек, - деди Зулушев.
Жыйында депутаттар мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кийин кылган иштери үчүн жооп бериши керек болорун, аларды мыйзам менен коргоо туура эмес экенин айтышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет.
Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жөнүндө талап да алынып салынат. Ошондой эле ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт. (BTo)