Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Страсбург: Адамдардын өлүмүнө айыптуу кылмышкер жок кылынды


Шериф Шекаттын документи.
Шериф Шекаттын документи.

Францияда майрамдык балатыга келгендерге кол салган адам жок кылынды. Бул маалыматты өлкөнүн Ички иштер министрлиги тастыктады.

29 жаштагы Шериф Шекатты полиция атайын операция учурунда кандуу окуя болгон жерден эки чакырым аралыктан атып өлтүрдү.

Ал шейшемби күнү Страсбургга Жаңы жылдык балатынын алдындагы майрамдык жарманкеге келген адамдарды атып, “үчөөнү өлтүрдү жана 13 адамды жарадар кылды” деп айыпталып жаткан. Кол салган күнү ал полициядан качып кетүүгө үлгүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Шекатт буга чейин уурулук жана зомбулук үчүн Франциянын, Германиянын жана Швейцариянын түрмөлөрүндө отуруп чыккан.

Страсбургдун мэриясы анын бул жолку кол салуусун “террордук акт” деп атап, жалпы Францияда коопсуздукка коркунучтун деңгээли эң жогорку чекке көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG