Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Элчилик: Орусия мигранттарга талабын күчөтүшү ыктымал


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия миграциялык көзөмөлдү күчөтүшү ыктымал, андыктан бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар документтерин иреттеп, айыппулдары болсо убагында төлөшү зарыл. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бейшемби күнү ушундай билдирүү таратты.

Миграциялык мыйзамды бузуп иштеп жаткан жарандарга 16-октябрдан 10-декабрга чейин өлкөдөн чыгып, кайрадан жаңыланган миграциялык карта менен кирүүгө уруксат берилген болчу.

Элчиликтин маалыматына караганда, миграциялык мунапыстын алкагында «кара тизмеден» мурунтан Орусияга кирүүгө тыюу салынган 5 488 жаран чыгарылды. Буга кошумча Орусияда учурда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн 100 миңге чукул кыргызстандык чек арадан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга жетишти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандыктын 50 миңи соттун чечими менен Орусиядан чыгарылганын, бул жеңилдиктерди калган 20 миңдей жаран колдоно аларын кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG