Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

АКШнын Саудияга аскердик жардам берүүнү токтотуучу резолюциясы колдоо табууда


Йемен.
Йемен.

АКШ Сенаты Йемендеги согушта Сауд Арабиясына аскердик жардам көрсөтүүнү токтотуу тууралуу резолюцияны колдоду. Ошону менен катар саудиялык журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө ханзаада Мухаммед бен Салманды айыптады.

Бул АКШнын башка өлкөдөгү аскердик күчтөрүн чыгаруу боюнча демилгеси Конгресстен колдоо тапкан алгачкы учур болуп калды. Тиешелүү мыйзам өлкө президентинин АКШ аскерлерин чет жактагы согуштарга жөнөтүү укугун чектейт. Бирок ал ишке кириши үчүн дагы айрым процедуралардан өтүшү зарыл.

Йемендеги үч жылдан ашкан жарандык согушта он миңден ашык адам өлдү, 500 миңдей киши жер которууга аргасыз болду. (RK)

XS
SM
MD
LG