Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселде жыйынга чогулуп, Украинадагы саясаты үчүн Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар дагы алты айга узартыларын билдиришти.
2014-жылы Крым жарым аралы аннексиялангандан кийин Орусиянын банк жана энергетика тармагына каршы киргизилген санкциялар жарым жыл сайын узартылып келе жатат.
Ошону менен катар Евробиримдиктин лидерлери Азов деңизиндеги соңку абалды талкуулашты. Бирок Москваны айыптаган же кошумча санкция киргизүүнү сунуш кылган чечимдер болгон жок.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерининин айтымында, Украинага жардам күчөтүлмөй болду.
- Азов деңизиндеги чыңалуу боюнча биз дүйшөмбү күнү Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жана кечээ президент Порошенко менен талкуулаган позициябыз "Орусия кемелерди бошотушу керек" деген көз карашыбызды бекемдейт. Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдойбуз жана Крым жарым аралынын аннексияланышын мыйзамсыз деп эсептейбиз, - деди Могерини.
25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия” десе, Орусия “чагым” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. (RK)