Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Коопсуздук кеңеши санарипти өнүктүрүү маселесин карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда Кыргызстанда санарипти өнүктүрүү чаралары жөнүндөгү маселе каралат.

Быйыл июнь айында мамлекет башчысы санариптик трансформация боюнча жолугушуу өткөргөн. Ал электрондук башкарууга өтүү — бул тынымсыз күрөш жана татаал процесс, коррупцияга каршы күрөштүн негизги компоненттердин бири экенин айткан. Президент бул маселе жеке көзөмөлүндө турганын жана аны ишке ашырууда катуу талаптар коюларын белгилеген.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү күндө «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкарууга 14 мамлекеттик орган туташтырылды, 5 мекеменин ортосунда өз ара маалымат алмашылат. (RK)

XS
SM
MD
LG