Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Жээнбеков: Санарипти өнүктүрүүгө каршылык көрсөткөндөр да бар


Бүгүн, 14-декабрда Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кезектеги кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Анда өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланууда. Жыйында президент бир катар маселелерде "маалыматтык технологияларды киргизүүнү каржылоо төмөн, санариптештирүү боюнча стратегиялык документ жок" деп айтты.

“Эң кейиштүүсү – санариптик кызмат көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу аз. Алар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат. Соңку жети жылда мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллар жумшалганы менен жарандарыбыз жана ишкерлерибиз сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келишет”, - деди Жээнбеков.

Ал 2019-2020-жылдарга санариптик трасформациялоо концепциясы иштелип чыкканын кошумчалады. (EBM)

XS
SM
MD
LG