Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Слесарев: Кулматовдун иши ойдон чыгарылган


Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Кулматовго каршы кылмыш иши ойлонуп табылган деп эсептейт. Бул тууралуу ал Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча кезектеги сот отурумунан кийин билдирген.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) тараткан билдирүүгө ылайык жактоочу сот жараяны жабык өтүп, судья иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылбай жатканын айткан.

- Кулматовго каршы кылмыш иши ойлонуп табылганы көрүнүп эле турат, - деген Слесарев. - Тергөө маалында жана соттук териштирүүдө бир катар мыйзамдар бузулду. Бир иш боюнча экспертиза дайындалган. Кийин анын камактагы мөөнөтүн узартууга жана Кулматовдун өзүнө байланышкан эки ишти бириктирип коюшту.

Ал соттук териштирүү башталгандан бери Кулматовдун иши боюнча бир да сот өз оюн билдирбей келатканын, прокурорлор да эч нерсе деп айта элек экенин кошумчалаган.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Бирок ноябрда кайра арызды артка кайтарып алышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG