Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдарды сынга алды


Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде.
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде.

Бүгүн, 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков өзү төрагалык кылган Коопсуздук кезектеги кеңешинин жыйынында санарипти өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жаткан айрым мамлекеттик органдарды сындады.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин ишин "начар" деп баалады.

Президент жыл аягында мындай жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертип, санариптик өнүктүрүү, электрондоштуруу боюнча иштер атайылап жасалбай жатканын белгиледи. Мындан сырткары, Мамлекеттик чек ара кызматы туризмге тоскоолдук кылып жатканын да айтып өттү.

Маалыматка ылайык, 119 кызмат 2019-жылдын аягына чейин электрондук форматка өтүшү керек. (EBm/TSh)

XS
SM
MD
LG