Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Kyrgyztoday.kg: Келдибеков менен соттошуп жатабыз


Ахматбек Келдибеков.
Ахматбек Келдибеков.

Парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday.kg сайтын сотко бергени белгилүү болду. Келдибеков "кадыр-баркыма шек келтирди" деген арыз менен бул сайтка 1 млн. сом доо койгон. Сайттын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуевдин айтымында, 13-декабрь күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда биринчи отурум өттү.

Экс-спикер аталган сайтка бир нече макала боюнча доо арыз жазган. Бегалы Наргозуевдин айтымында, алар “Коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибеков”, “Ахмат Келдибековду коррупцияга айыптап камакка алганда” деген макалалар.

Бегалы Наргозуев муну сөз эркиндигине басым катары баалады:

- Cөз эркиндигине басым деп баалайбыз. Биз да өз жүйөлөрүбүздү айтабыз. Келдибековду "коррупционер" деген жокпуз, "коррупцияга айыпталган" дедик. Анын коррупцияга айыпталганын элдин баары билет.

Ахматбек Келдибеков өзү менен байланышканыбызда телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Октябрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибековдун арызынын негизинде “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендиргени белгилүү болгон. Анда Келдибеков гезитте басылган айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, "Азия Ньюска" каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын пайдасына чечилип, "ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом төлөнсүн" деген чечим чыккан.

Акматбек Келдибеков "Коррупция" беренеси менен соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Бир жылдан кийин анын соттуулугу алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG