Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Ошто таштандыдан ымыркайдын сөөгү табылды

Ымыркайдын сөөгү табылган жер.
Ымыркайдын сөөгү табылган жер.

Ош шаарынын четиндеги таштандыдан табылган ымыркайдын сөөгү экспертизага жиберилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү экспертизалар ымыркайдын жаш курагын, анын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн жүргүзүлөт. Анын сөөгү 13-декабрь күнү саат 14:40 чамасында Ош шаарынын таштанды төгүлгөн полигонунан табылган.

Кутуга салынып, үстүнө аял кишинин кийими оролгон сөөктү таштандыдан темир-тезек издеп жүргөн лөлү тектүү аялдар таап алышкан. Алар таштанды талаанын күзөтчүсүнө кабарлап, ал милицияга маалымдаган. Учурда ымыркайдын өлүмүнө күнөөлүүлөр изделүүдө. (MdN)

XS
SM
MD
LG