Парламенттин КСДП фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу маселеси каралышы мүмкүн экени айтылып жатат. Депутат Ирина Карамушкина фракция саат 14:00дө чогуларын айтып, бирок "күн тартибине эмне маселе коюларын билбейм" деди. Ал эми Абдывахап Нурбаев Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдирди.
КСДП фракциясынын депутат Асел Кодуранова бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан. Ал 13-декабрь күнү экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени айтылган болчу. Бул маалыматтарды такташ үчүн өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (TSh)