Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Кадер менен Дырылдаев Кытайдагы "лагерлер" боюнча билдирүү таратышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк уйгурлар жамаатынын лидери Рабие Кадер жана Кыргызстан Адам укуктары комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев 12-декабрда биргелешкен билдирүү таратышты.

Анда: “Кытай бийлигинин уйгурларды, тибеттиктерди жана башка улуттук азчылыктарды диний же башка себептерден улам куугунтуктап жатышы миллиондогон кишинин дайынсыз жоголушуна алып келди”, - деп айтылат.

“Жакында белгилүү болгондой, миллиондогон уйгурлар “кайра тарбиялоо” лагерлерине тымызын айдалган. Бул факт ушул күздө гана эл аралык коомчулуктун кысымынан кийин ачыкка чыкты. Кытай бийлиги ошондой лагерлердин бар экенин моюнга алганы менен аларда канча киши бар экени, канчасынын өлүү-тирүүсү белгисиз”, - дешет укук коргоочулар.

Билдирүү авторлору ошондой эле 500 миңден көп казак лагерлерге жөнөтүлгөнүн, казак бийлиги 2 миңдейин куткарганы тууралуу маалыматтар тараганын, лагерлердеги 50 миңден ашуун кыргыздын тагдыры белгисиз бойдон экенин белгилешет.

Билдирүүдө “Кытай бийлиги ошол азчылыктарды экстремист деп сүрөттөп, жакындары айтып бергендей алардын көбү жок жерден айыпталганы” айтылат.

Буга байланыштуу укук коргоочулар дүйнө коомчулугун эл аралык механизмдерди колдонуп көз каранды эмес комиссия түзүүнү талап кылышты. Алар бардык укук коргоочуларды Кытайдын өзүм билемдигине каршы күрөшүү үчүн коалицияга биригүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG