Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Сенат: Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик Мохаммед бин Салманга жүктөлөт


Мохаммед бин Салман.
Мохаммед бин Салман.

АКШ Сенаты журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү үчүн жоопкерчиликти Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мохаммед бин Салманга жүктөгөн резолюцияны бир добуштан жактырды.

Резолюциянын авторлору Эр-Риядды журналисттин киши колдуу болушуна аралашкан бардык адамдарды сот жообуна тартууга үндөшөт.

Америкалык маалымат каражаттары жазышкандай, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын талдоочулары Хашогжинин көзүн тазалоо тууралуу чечим ханзаданын түздөн-түз буйругу болмоюнча кабыл алынмак эмес деген тыянакка келишкен. Буга чейин Вашингтон журналистти жок кылуу операциясына катышканы кабарланган саудиялык 17 кишиге санкция салган.

Бирок президент Дональд Трамп чалгын кызматынын бүтүмүн талаштуу деп баалап, экономикалык жактан жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракетинде Эр-Рияд менен мамилелер АКШ үчүн өтө маанилүү экенин айткан.

Бейшембиде америкалык сенаторлор ошондой эле падышалыкты жана Саудиянын Йемендеги өнөктөштөрүн колдоону токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алышты. Ал Хажогжинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болду.

Журналист 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Кийин анын киши колдуу болуп өлгөнү ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG