Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

АКШ ачкачылыктан каза тапкан активисттин өлүмү үчүн Иранды айыптады


Маркум Вахид Саяди Насири.
Маркум Вахид Саяди Насири.

Кошмо Штаттар ачкачылык кармап каза болгон ирандык саясий активисттин өлүмү боюнча билдирүү таратты. 13-декабрда Мамлекеттик департаменттин маалымат өкүлү Роберт Палладино Вахид Саяди Насирини мындан 4 ай мурун Ирандын бийлиги жок жерден кармаганын белгиледи.

Социалдык медиада маалымат жазганы үчүн абакка кесилген Насири ачкачылык кармай баштагандан 50 күндөн кийин жарыкчылык менен кош айтышкан.

Маркумдун карындашы "Азаттыктын” Иран кызматына билдиргендей, активист Кум шаарындагы ооруканада 12-декабрда үзүлгөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлашкан. Анын айтымында, агасы Кумдагы шарты катаал түрмөдөн Тегерандагы Эвин абагына которууну талап кылып, ачкачылык кармай баштаган.

Мамдептин билдирүүсүндө "активистке адвокат берилген эмес, ал адам чыдагыс шартта кармалып келген, ага “Жогорку көсөмгө акаарат келтирүү” өңдүү улуттук коопсуздукка байланыштуу айыптар тагылган" деп айтылат.

Насири 2015-жылдын сентябрь айында Ирандын Жогорку руханий лидери Али Хаменеинин «беделине шек келтирген» жана “мамлекетке каршы үндөгөн” деген кине менен сегиз жылга кесилген.

Жазанын жарымын өтөгөн соң ал март айында абактан бошотулуп, бирок августта мурдагыдай эле айыптар менен кайра камалган.

XS
SM
MD
LG