Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Евробиримдик Брекзит маселесин кайра талкуулабайт


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Европа Биримдиги Британиянын шаркеттен чыгуусу боюнча кошумча сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Брюсселде өткөн саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө айтылат. Ошентип Евробиримдик өзүнүн Брекзит жөнүндөгү макулдашууну жактырган 25-ноябрдагы токтомун ырастады. Ошол эле маалда Брюссел Британия келаткан жылдын 29-мартында шаркеттен чыккандан кийин Лондон менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Биримдик Ирландия менен чек ара маселесин да мындан ары талкуулоого даяр. Британ премьер-министри Тереза Мэй 13-декабрдагы жыйында лидерлерди макулдашуу британ парламентиндеги ратификация маалында кандай кыйынчылыктарга туш болгонунан кабардар кылды.

Премьер "ратификация процессин жеңилдет" деген кошумча кепилдик берүүнү өтүндү. Бирок биримдик муну четке какты. Британ парламентинин көпчүлүк мүчөлөрү келишимди колдоодон баш тартышууда. Мыйзам чыгаруучулардын бир бөлүгүн макулдашуунун шарттары канааттандырбаса, башкалары биримдиктен чыгууга каршы жана жаңы референдумга үндөп жатышат.

Брекзит макулдашуусу боюнча добуш берүү 21-декабрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG