Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Түрк прокуратурасы 200 аскерди кармоого буйрук берди


Түркияда камалгандарды бошотууну талап кылган акциялардын бири.
Түркияда камалгандарды бошотууну талап кылган акциялардын бири.

Түрк прокуратурасы 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп шек саналган 200дөн ашуун аскер адамдарын кармоону буюрду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 14-декабрда кабарлашкандай, Стамбул шаарынын прокурору кызмат өтөп жаткан 219 аскерди, анын ичинде төрт полковникти, беш подполковникти кармоого ордер берди.

Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган кутум үчүн АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Динаятчы ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 50 миңден ашуун кызматкерди, журналисттерди, мугалимдерди, Гүлендин жактоочусу катары сөз болгон кишилерди камаган. Дагы он миңге жакыны иштен алынган.

Президент Режеп Тайып Эрдоганды сындагандар ал кутумга шылтоолоп каршылаштарынан кутулуп жатат деп эсептешет. Түрк бийлиги улуттук коопсуздукту сакташ үчүн чара көргөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG