Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

АКШнын кармоочу жайында гватемалалык секелек кыз чарчап калды


АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген мигранттар. 9-декабрь, 2018-жыл.
АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген мигранттар. 9-декабрь, 2018-жыл.

Нью-Мексикодо АКШнын чек ара полициясы кармаган гватемалалык жети жашар кыз каза болду. Бул тууралуу "The Washington Post" басылмасы 13-декабрда жазды. Жоон топ мигрант менен кошо атасын ээрчип чек арадан мыйзамсыз өткөн секелек кыз өткөн аптада чарчап калганын басылма АКШнын расмий органдарына таянып жазды.

Кабарга караганда ал бир нече күн же тамак, же суу ичкен эмес. Кыздын абалы начарлап кеткенде ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

АКШнын Бажы жана чек араны коргоо мекемесинин кызматкерлери кызды куткарууга колдон келишинче аракет кылышканын билдиришти.

Өз мамлекеттериндеги жакырчылыктан, зордук-зомбулуктан, кылмыштуулуктан качып, борбордук америкалык 5 миңдей киши ноябрь айында АКШны көздөй бет алган. Трамп Мексика тараптан бир да мыйзамсыз мигрант өткөрүлбөй турганын кайталап, качкындардын ар биринин иши иммиграциялык сотто каралып, баш паанек алууга уруксат берилгендери гана чек арадан өткөрүлөрүн айтууда.

XS
SM
MD
LG