Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Карамушкина: Кодуранованы вице-спикерликтен алуу туура эмес болду


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Асел Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан алынышы үчүн фракция башчысын айыптады. Анын айтымында, Кодуранованын маселеси боюнча буга чейин сөз болгон эмес жана муну экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчыларга каршы чабуул катары бааласа болот.

- Биз бул жөнүндө билген эмеспиз, - деди ал. - Бүгүн шашылыш түрдө саат 14:00гө жыйынга чогултушту. Асел Союзбековнанын өзүнө да кызматтан алуу боюнча билдиришкен эмес. Бардык жобону, этиканы бузуп жашыруун түрдө тез арада чечип коюшту. Мунун баарын партиянын мүчөсү эмес, фракциянын лидери жасады.

Карамушкина Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан кетишин анын саясатчы Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине чыгарууну добушка койгону жана экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырды. Башка иш-чарада жүргөндүктөн Ирина Карамушкина өзү жыйынга катышкан эмес.

13-декабрда Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуу жөнүндө сунуш колдоо таппай, күн тартибине кирбей калган. “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров 12-декабрда ушундай эле сунуш киргизип, эл өкүлдөрү аны колдогон. Бирок маселени кароого убакыт жетпей калган.

Азырынча Асел Кодуранова өзү комментарий бере элек. Парламенттин КСДП фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алган. Анын ордуна азыр депутат Аида Касымалиева сунушталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG