"Virgin Galactic" компаниясынын космопланы бейшембиде сыноо учурунда деңиз деңгээлинен 83 чакырым көтөрүлүп, рекорд койду. Компания муну тарыхый окуя катары баалады, себеби аппарат биринчи жолу космоско чыга алды.
Компаниянын жетекчиси Ричард Брэнсон жакында космоско саякат башталат деген ишенимде.
Компаниянын космопланына билет 250 миң доллар турат. Ага эки учкуч жана алты жүргүнчү батат. Брэнсон жакынкы 10 жылда билет баасын 40 миң долларга чейин арзандатууга аракет кыларын айтып келген.
Бул компаниянын "Enterprise" кемеси кыйрагандан төрт жыл өткөндөн кийинки сыноосу. 2014-жылдын октябрында болгон окуяда бир учкуч каза тапкан, экинчиси оор жарадар болгон.