Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Белгилүү өзбек куудулу Обид Асомов кайтыш болду


Обид Асомов
Обид Асомов

Өзбекстандык белгилүү куудул Обид Асомов 55 жашында кайтыш болду. Ал инфаркт оорусунан 14-декабрда көз жумганын санаалаштары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирген.

Асомовдун жүрөгү кармап 11-декабрда ооруканага түшкөнүн айрым жергиликтүү басылмалар маалымдаган.

Куудулдук өнөрү менен КМШ өлкөлөрүнө атагы чыккан, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Асомовго мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда белгисиз себептерден улам чоң сахнага, телерадиого чыгууга тыюу салынган.

Мындай чектөө он жылдай созулган. Бийликке азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев келгенден кийин тоскоолдуктар жоюлуп, Асомов 2017-жылы "Мультипликацион фильмдер студиясы" мекемесине директор болуп дайындалган.

Обид Асомов өз мекенинде тоскоолдуктарга кабылган жылдары Орусияда ишмердик жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG