Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Өзбекстан Сенаты кайыр суроону кылмышка теңеген мыйзам долбоорун жактырды


Өзбекстандын Сенаты коомдук жерлерде тилемчилик кылууну кылмышка теңеген мыйзам долбоорун колдоду.

13-декабрдагы добуш берүүдө парламенттин жогорку палатасы президент Шавкат Мирзиёев сентябрда киргизген сунушту жактырды.

Жаңы мыйзамда кайыр сурагандарга 25-75 долларга барабар айып пул салуу каралган. Акча төлөй албагандар 15 күнгө чейин камалат. Дагы бир жолу кармалса, анда 240 саат коомдук иштерге тартылат же бир жылга чейин түрмөгө камалат.

Мыйзам долбоорунда балдарды, улгайган адамдарды же майыптарды пайдаланып, тилемчилик кылдырган кылмыштуу топторду жазалоо да каралган.

“Тилемчилик деген түшүнүккө коомдук жерлерде акча, тамак-аш башка нерселерди суроо кирет” деп айтылат документте.

XS
SM
MD
LG