Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Депутат өкмөттү жашыруун кат алмашууда mail.ru платформасын колдонгону үчүн сындады


ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев
ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев

Жогорку Кеӊештеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Умбеталы Кыдыралиев өкмөттү электрондук кат алмашууга mail.ru платформасын колдонуп келгени үчүн сындады.

Бул тууралуу ал 14-декабрда "Digital CASA - Кыргызстан” долбоорун каржылоону макулдашуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.

- Бүт "жашыруун сыр" деген материалдардын баары mail.ru аркылуу келет. Каяктагы сырды айтып жатабыз? Биз Digital CASA жөнүндө айтып атабыз. Биз Интернетке кирүүнүн альтернативдүү жолдорун океанга чыгып издеп жатабыз. Бул темир жолго окшогон, энергокоопсуздукка окшогон, андан да маанилүү маселе. Муну маалымат коммуникациялык технологияларынын көз карандысыздыгы деп коет.

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы сессиясында "Digital CASA - Кыргызстан” долбоорун каржылоону макулдашуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Депутаттарга Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат берди.

Анын айтымында, «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул каражаттын жарымы насыя, жарымы грант. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилмекчи. Долбоор 2019-жылы ишке ашырыла баштайт деген план бар.

Жыйында "долбоорго жумшалчу чыгымдар так эсептелген эмес" деген сындар айтылды. Натыйжада мыйзам долбоорун добушка коюп, бекитүү маселеси күн тартибинен алынды. Тиешелүү мекемелер долбоорду толуктап, тактап алып келмей болушту.

Бийлик бул долбоор Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT-хаб өлкөсүнө айландырууну көздөй турганын айтып келет. (KR)

XS
SM
MD
LG