Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Жылдын мыкты спортчулары аныкталды


Кыргызстандын спортчулары
Кыргызстандын спортчулары

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 2018- жылдын жыйынтыгын чыгарып, спорттогу жетишкендиги үчүн жети спортчуга "Жылдын мыктысы" наамын ыйгарды.

Азия оюндарында алтын менен күмүш медалдарды уткан жеңил атлетчи Дарья Маслова, грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө жана Азия чемпионаттарында эки күмүш байге уткан 19 жаштагы балбан Жоламан Шаршенбеков, спорттун олимпиадалык түрүнөн "Жылдын мыкты спортчусу" деп табылды.

Азия оюндарынын чемпиону Төрөкан Багымбай уулу (жиу-житсу) спорттун олимпиадалык эмес түрүнөн, улуттук спорт түрлөрүнөн III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиондору Нурзат Бахтияр кызы (алыш күрөшү) жана Күмүшбек Кыдыралиев (эр эңиш) "Жылдын мыкты спортчусу" наамын алышты.

Паралимпиадалык спорт түрлөрүнөн Жыргал Оросбаев, сурдлимпиада боюнча спорт түрлөрүнөн Самадияр Жумакадыров "Жылдын мыкты спортчусу" наамын алышты.

Спортко кошкон салымы үчүн машыктыруучулар Хаким Махмудов, Татьяна Борисова, Аднан Жабраилов, Петр Ялома, Баяман Багынбай уулу, Нияз Курманкулов жана Жээнбек Акыевге "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамы берилди. (GzT)

XS
SM
MD
LG