Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Трамп АКШнын ички иштер министрин кызматтан бошотот


АКШнын ички иштер министри Райан Зинке
АКШнын ички иштер министри Райан Зинке

АКШнын президенти Дональд Трамп ички иштер министри Райан Зинкени кызматтан кетирүүнү чечти. Бул тууралуу Трамп "Твиттер" аркылуу жарыялады.

"Ички иштер министри Райан Зинке администрациядан жылдын аягында кетет. Ал бул кызматта эки жыл иштеди. Райан көп нерсеге жетишти жана элге жасаган кызматы үчүн ага ыраазымын" деп жазды Трамп "Твиттердеги" баракчасына.

Трамп жаңы келе турган министрдин аты-жөнү кийинки жумада белгилүү болорун да кошумчалады.

Райан Зинке республикачыл депутат Раул Гриджальваны аракеч деп атаганы үчүн АКШда сынга алынган. Андан мурун Райан Зинке мунай жана газ өндүрүүчү компаниялардын кызыкчылыгын сүрөдү деп айыпталып келген.

Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, АКШнын Ички иштер министрлиги коопсуздук маселелерин эмес, жаратылышты коргоо жана улуттук парктарды башкаруу маселелерин тескейт.

Декабрдын башында Дональд Трамп администрациянын башчысы Жон Келлини кызматтан бошоткон. (KR)

XS
SM
MD
LG