Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

"Жашылдандыруу чарбасында" өрт чыкты


Бишкектеги "Жашылдандыруу чарбасы" мамлекеттик ишканасында чыккан өрт.
Бишкектеги "Жашылдандыруу чарбасы" мамлекеттик ишканасында чыккан өрт.

Бишкектеги "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишкананын басма сөз өкүлү Аида Айдаралиева кабарлады.

Өрт түнкү саат бирлерде башталган. Аны көргөн кароолчулар ошол замат өрт өчүргүчтөрдү чакырган. Өрт саат 5.28те өчүрүлгөн. Ага үч өрт өчүрүүчү техника келген.

Аида Айдаралиеванын айтымында, бардык күбөлөр өрт атайын коюлганын билдирип жатышат. Себеби өрт бир эле учурда үч жерден чыкканын алар видеого да түшүрүп алганга үлгүргөн.

- Өрт өзүнөн өзү башталды деген версия негизсиз, себеби күйүп кеткен бутактардан жана жалбырактардан атайын жер семирткич жасалмак. Ошондуктан алардын баары ным абалда сакталчу.

Ушул жылдын октябрь айында жаңы дайындалган жетекчи Элнура Жолдошева тарабынан муниципалдык ишкананын ишин оптимизациялоо аракеттери көрүлүп, тал-теректи кыюу бөлүмү жоюлган. Анда кызматсыз калган айрым жумушчулар нааразылыгын билдирип, митинг уюштурууга аракет кылган. Аида Айдаралиеванын айтымында, ага чейин "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасынын жоюлган бөлүмүнө карата көптөгөн арыз түшүп, алар коррупциялык иш-аракеттерге жол берери тынымсыз айтылып келген. (KR)

XS
SM
MD
LG