Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Казакстан: Эгемендик күнүндө бир канча активист кармалды


Алматынын борборундагы полиция күчтөрү.
Алматынын борборундагы полиция күчтөрү.

Алматы шаарында полиция Казакстандын эгемендигинин 27 жылдыгына байланыштуу акция уюштурууга аракет кылган бир канча активистти кармады. Аларды полиция Алматынын борборундагы эгемендик монументинин жанында акция өткөрүүгө аракет кылганда алып кеткен.

"Ар.Рух.Хак" укук коргоо уюмунун жетекчиси Бахытжан Төрегожинанын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, бийлик айрым активисттерди үйүнөн чыгар замат кармаган. Укук коргоочу анын үйүн да акмалап турат делген полиция кызматкерлеринин автоунааларынын сүрөттөрүн да жарыялады.

Бахытжан Төрегожинанын Казакстан убактысы менен саат 17:30да жарыялаган тизмесине ылайык, бул күнү кармалгандардын саны отуздай адам болгон.

Ушул эле күнү Батыш Казакстан облусунун борбору Орол шаарында "Уральская неделя" гезитинин журналисттери Рауль Упоров менен Мария Мельникованы полиция эртең менен эрте кармап кеткен. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргогон "Аділ сөз" коомдук уюму кабарлады. Уюмдун маалымдашынча, "Уральская неделя" гезитинин башкы редактору Лукпан Ахмедияров менен басылманын жооптуу редактору Тамара Есламованын үйлөрүнүн жанында 16-декабрда эртең мененден бери полиция кызматкерлери турганын кабарлашкан.

Казакстан мындан 27 жыл мурда Советтер Союзу ыдыраганда эгемендикке ээ болгон.

16-декабрда Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүнүн курмандыктары да эскерилүүдө.

2011-жылдын 16-декабрында кагылыш болуп, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.​

Казак оппозициясы Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүнү өлкөнүн эгемен тарыхындагы башкы окуя - "экинчи Желтоксон" деп баалап келет. Эл аралык укук коргоочулар өз элине күч колдонгону үчүн казак бийлигин кескин сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG