Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Пашиняндын блогу 132 орундуу парламентте 88 мандат алды


Премьер-министр Никол Пашинян.
Премьер-министр Никол Пашинян.

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз парламенттик шайлоонун акыркы расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, премьер-министр Никол Пашиняндын "Менин кадамым" блогуна шайлоочулардын 70,42% добуш берген. 132 орундуу парламентте "Менин кадамым" 88 мандат алды.

9-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо тогуз партия жана эки саясий блок ат салышкан. Беш пайыздык босогодон алардын үчөө гана өттү. "Менин кадамым" бирикмесинен тышкары, бизнесмен Гагик Царукяндын "Гүлдөгөн Армения" партиясы 26 мандатка, ал эми саясатчы Эдмон Марукян жетектеген "Жаркын Армения" партиясы 18 орунга ээ болду.

Мурдагы парламентте көпчүлүктү түзүп турган экс-президент Серж Саргсяндын Армения Республикалык партиясы беш пайыздык босогодон өтпөй калган. Ал шайлоодо 4,7% гана добуш алган.

Арменияда премьер-министр Никол Пашинян баштаган оппозициялык күчтөр бийликке быйыл жаздагы элдик толкундоодон кийин келген.

XS
SM
MD
LG