Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Брюсселде БУУнун мигранттар тууралуу келишимине каршы акция өттү


Белгия. Брюссел. 16-декабрь, 2018-жыл.
Белгия. Брюссел. 16-декабрь, 2018-жыл.

Белгиянын баш калаасы Брюсселде жекшембиде БУУнун миграциялык пактына каршы акцияга беш миңдей адам катышты. Оңчул кыймылдар уюштурган акция Евробиримдиктин уюмдарынын штаб-квартирасы жайгашкан кварталда өттү. Бийлик алгач акцияга тыюу салып, бирок сот демонстранттарга тынч митинг өткөрүү шарты менен уруксат берди.

Буга карабай акциянын катышуучулары полиция менен кагылышты. Полиция жаш агызуучу газ менен суу колдонду. Брюсселдин бургомистри Филипп Клозе "Belga" агенттигине билдиргендей, 69 киши "мүлккө зыян келтирди" деген шек менен кармалды. Митинг учурунда 300дөн 400гө чейинки кишилер Еврокомиссиянын имаратына кирүүгө аракеттенди. ​

Ушул эле убакта БУУнун миграциялык пактын колдогон акция Брюсселдин борборунда өтүп, ага миңге чукул адам келгени кабарланды. Алардын арасында солчул кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын, франциялык "сары кемселчендер" кыймылынын өкүлдөрү бар.

Евробиримдиктин курамындагы айрым мамлекеттер, негизинен Австрия, Польша, Словакия жана Чехия быйыл 10-декабрда Мароккодогу саммитте кабыл алынган БУУнун Миграциялык пактына кошулуудан баш тарткан. Белгияда документке байланыштуу кайчы пикирлер өкмөт азчылыгын түзүүгө алып келди.

Буга чейин Белгиянын премьер-министри Шарль Мишел Брюссел документке кошула турганын айткан. Ал эми "Жаңы фламанд альянсы" эгер өкмөт башчы документти бекитиш үчүн Мароккого бара турган болсо коалиция бузуларын билдирген. Натыйжада өкмөттүк партия кирген бул альянс коалициядан чыккан.

XS
SM
MD
LG