Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:01

Таласта жетекчисине каршы даттанган музей директору иш таштады


Асан Жунушалиев.

"Манас ордо" улуттук комплексиндеги музейдин директору Асан Жунушалиев жетекчиликтин кысымына туш болгонун айтып чыкты. Буга байланыштуу ал 17-декабрдан тартып иш таштаганын “Азаттыкка” билдирди.

- Кийинки учурда жетекчилик менен ортобузда мен чыдай албай турган араздашуу боло баштады. Кызматтан кетирүү аракети болуп атабы, билбейм. Чогулуш сайын мага эле жөнсүз асыла берет. Ооруканага жатып калсам да: "Сен арамзасың, эмнеге жатасың?" деп келекелейт. Буга чейин жетекчини кетирүү боюнча бир катар кызматкерлер кол топтошкон. Ошолордун арасында менин келинчегим бар экенин айтып, аны да куугунтукка алды. Келинчегим күмбөздүн ичинде сувенир сатып иштейт. Бирок жетекчиликке эч кандай каршылыгыбыз жок. Бүгүндөн баштап мен иш таштайм. Бирок кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбайм. Мен акыйкаттык издейм, - деди ал.

Асан Жунушалиевдин жакындары аны эс-учун жоготкон абалда Ташарык айылындагы мүрзөлөрдүн арасынан табышканын айтышууда. Жунушалиев ооруканада эсине келген. Ал өзү акыркы жолу, 14-декабрда "Манас Ордо" улуттук комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаев менен араздаша кеткенин билдирип жатат.

Ормош Чоюнбаев музейдин директорунун дооматтарын четке кагып, аны менен эч кандай чыр болбогонун айтты. Чоюнбаев Жунушалиевдин аялы ижарага алган бөлмөнү жаңы жылдан тартып бошотуу тапшырылганын, ошого байланыштуу алар ага доомат коюп жатышканын кошумчалады.

Асан Жунушалиев бул комплексте 30 жылдан бери иштейт. (AlS\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG