Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгы алдамчылыкка шектүү катары Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургунун кармашты. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Анда айтылгандай, аталган жарандын үстүнөн Бишкектин жашоочусунун атынан 2018-жылдын күзүндө арыз келип түшкөн. Анда даттануучу өзүнүн ишкерликтеги шериги ишеничке кирип, алдоо жана коркутуу жолу менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионатын тартып алганын билдирген. Мүлктүн болжолдуу баасы 350 миң долларды түзөт.

Текшерүү учурунда мүлктү алган жаран пансионатты өзүнүн тууганына каттатып алганы аныкталды. Бул иштерге шектүү катары кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМДин тизмесинде тураары такталды. Буга чейин соттолгон, криминалдык чөйрөдө “положенец” катары белгилүү, белгилүү криминалдык авторитеттин жакын тууганы болуп саналат.

Бул иш боюнча ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгы УКМКнын Тергөө башкармалыгы менен кошо иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Факт боюнча кылмыш иши козголду. (ErN)

XS
SM
MD
LG