Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кипрде кыргызстандык өспүрүм минадан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кипрде кыргызстандык өспүрүм минаны басып алып курман болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" кырсык болгон Мевлеви айылынын башчысы Гүлер Сайалан билдирди:

- 13 жаштагы өспүрүм Мевлеви айылында эски темир-тезектерди чогултуп жүргөн кезинде минаны басып алыптыр. Үй-бүлөсү менен жакында эле Кыргызстандан келип, бул жакта сарайда мал багып күн көрүп жатышкан экен.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Кипрдин түндүк аймагында бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет. Көбү тейлөө тармагында, казинолордо, ресторандарда иштеп жатканы айтылат.

Маркумдун жана анын ата-энесинин тек-жайы тууралуу маалыматтар азырынча тактала элек. (ElB)

XS
SM
MD
LG