Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

АКШнын аба соккусунан Сомалиде 60тан ашуун согушкер жок кылынды


Сомалинин борбору Могадишудагы жардыруулардын биринен кийин. 9-ноябрь, 2018-жыл.
Сомалинин борбору Могадишудагы жардыруулардын биринен кийин. 9-ноябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Африка командачылыгы жарыялагандай, 15-декабрда абадан урулган төрт соккудан 34, ал эми 16-декабрда абадан урулган эки соккудан 28 согушкер жок кылынган.

“Африка командачылыгы жана биздин Сомалидеги өнөктөштөрүбүз террорчулар алыскы райондорду кийинки чабуулдарына даярданууга башпаанек катары колдонушуна жол бербеш үчүн абадан сокку урду”, - деп белгиленет расмий билдирүүдө.

Сомалинин түштүк жана борбордук бөлүгүндөгү Банаадир провинциясындагы аба соккуларында мерт болгондор - жергиликтүү “ал-Шабааб” террор тобунун согушкерлери.

“Ал-Шабааб” тобу айыл аймактарынын ири бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Ал Бириккен Улуттар Уюму колдогон өкмөттү кулатууну, Сомалини ашынган ислам өлкөсүнө айлантууну көздөйт.

Сомалиде азыр БУУнун мандаты менен Африка Биримдигинин 20 миңдей аскери турат. (UE)

XS
SM
MD
LG