Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Терек-Сайда камалгандардын жакындары министрге жардам сурап кайрылышты


Чаткал району. Терек-Сай айылындагы митинг учурунда тартылган сүрөт.
Чаткал району. Терек-Сай айылындагы митинг учурунда тартылган сүрөт.

Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы кенге байланыштуу камакка алынгандардын жакындары ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууга жардамдашуусун өтүнүштү. Мындай өтүнүчүн алар 17-декабрда аталган айылда министр менен жолугушуу учурунда билдиришти.

Тургундар кармалгандар жаштык кылып, билбестиктен улам мыйзам бузууга барышканын белгилешти. Алар учурда абакта отургандардын арасында мурда инвесторлорду колдогондор жана жергиликтүү элге жумуш орундарын түзүп берген ишкерлер да бар экенин айтышты.

Кашкар Жунушалиев баары мыйзам чегинде болушу керек экенин, бөгөт чарасын сот чечерин айтты. Министр ошентсе да тургундардын өтүнүчүн мыйзам чегинде кароого аракет кыларын билдирди.

Жолугушууга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.

4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылган. Мындан кийин, 5-декабрда Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткон. (ErN)

XS
SM
MD
LG